Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:09

Ооганстанда мечиттеги жардырууда курман болгондордун саны 62ге жетти


Нангархар провинциясындагы мечиттердин биринде болгон жардыруу. 18-октябрь, 2019-жыл.
Нангархар провинциясындагы мечиттердин биринде болгон жардыруу. 18-октябрь, 2019-жыл.

Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясындагы мечиттердин биринде жума намазы учурунда болгон кош жардыруудан курман болгондордун саны 62 кишиге жетти. Андан тышкары ондогон адамдар жараат алды.

Ооганстандын бийлиги азырынча калаба үчүн жоопкерчиликти эч бир топ мойнуна ала элек экенин билдирди. 18-октябрда болгон жардыруудан мечиттин чатыры урап түшкөн.

Нангархар провинциясынын губернаторунун пресс-катчысы Аттаулла Хогьяни жардыруудан 62 киши өлүп, 36 адам жараат алганын, алардын баары мечитке келишкенин айтты. Жарадар болгондордун жана өлгөндөрдүн санын аймактагы оорукананын дарыгери Заргон Шинвари да «Азаттыкка» ырастады.

Нангархар провинциясында «Талибан» кыймылынын жана «Ислам мамлекети» террордук уюмунун жоочулары бар.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын маалыматы боюнча 30-июнга чейин бул өлкөдө куралдуу кагылыштарда, кол салууларда 1 миң 366 жайкын тургун ажал тапты, дагы 2 миң 446 киши жараат алды. (BTo)

XS
SM
MD
LG