Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:26

Германиядагы кыргыздардын «Kyrgyz Club - Germany» клубуна он жыл болду


«Kyrgyz Club - Germany».

Буга байланыштуу маараке 19-октябрда Германиянын Бонн шаарында өтүп жатат. Иш-чарага Кыргызстандын Германиядагы элчилигинен өкүлдөр, кыргызстандыктар катышууда. Мындан тышкары мааракеге башка өлкөлөрдөгү кыргыз коомдорунун өкүлдөрү да чакырылган.

«Kyrgyz Club - Germany» клубунун төрагасы Бакыт Көбөгөновдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, клуб түзүлгөндөн бери Германияда жашаган, окуган жана иштеген кыргызстандыктардын башын бириктирип, ынтымагын бекемдөөнүн үстүндө иштеп келет.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG