Башаламандык менен атышуудан улам Чилинин президенти Себастьян Пиньера баш калаа Сантьяго шаарында чукул кырдаал жарыялады.
Анын алдында мамлекетте коомдук транспортко жол киренин кымбатташына байланыштуу жапырт нааразылык акциялары башталган.
AFP агенттиги 20-октябрда өрт өчүрүүчүлөргө таянып кабарлагандай, талап-тонолгон супермаркет өрттөнүп, үч адам көз жумду.
Ушул тапта Чилиде көчөлөрдү аскерлер көзөмөлдөп атышат. Сантьягону башка аймактар менен байланыштырган чоң жолдор танк менен тосулганы кабарланды.