Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:42

Сүймөнкул Чокморовго арналган көргөзмө уланууда


Бишкекте Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр сүрөт музейинде таланттуу актёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун жана анын жубайы Салима Шабазованын элесине арналган көргөзмө уланууда.

Музейдин сайтындагы кабарга ылайык, сүрөтчүнүн эмгектерине жана өсүү таржымалына арналган «Эсимде» аттуу көргөзмө Чокморовдун уулу Бактыгул Чокморовдун демилгеси менен 16-октябрда ачылды. Ал 10-ноябрга чейин уланат.

17-ноябрда – Кыргыз кино күнүндө Чокморовдун 80 жылдык мааракеси белгиленет.

Кыргыз киносунун тарыхында «Эң мыкты эркек актёр» наамын төрт жолу алган Сүймөнкул Чокморов тирүү болсо, быйыл 80ге чыкмак.

Ал 1939-жылы Чүй өрөөнүндөгү Чоң-Таш айылында туулган. 1992-жылы 53 жашында каза тапкан. Ал советтик кино өнөрүн көптөгөн чет мамлекеттерде тааныткан. Сүрөтчүлүк өнөрүн таштабай 400дөй пейзаж, натюрморт, портрет тарткан. Чокморовдун кээ бир эмгектери Улуттук көркөм өнөр музейинде сакталып турат. (SE)

XS
SM
MD
LG