Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 23:51

Бишкекте 188 автобус айдоочу жол эрежеси боюнча алгачкы сынактан өтпөй калды


«Шыдыр Жол Кей Жи» компаниясынын автобустары.

Бишкектеги автобустардын 343 айдоочусунун 188и жол эрежеси боюнча тапшырган биринчи сынактан өтпөй калды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, экзамен 9-11-октябрь күндөрү болуп, ага 24 айдоочу жүйөлүү себептерден улам келе албай калган. Ал эми биринчи сынактан кулап калган 188 киши 15-16-октябрда кайра экзамен тапшырып өткөн.

3-октябрда Сокулук районунда 5-класстын окуучусу №18 автобустун дөңгөлөгүнө тебеленип мерт болгон. Бала автобустун алдыңкы эшигинен чыгып баратып кийими машиненин эшигине илинип калган. Ошол учурда айдоочу ал баланы байкабай калып, автобусту бир нече метрге чейин айдап кеткен. Тестиер автобустун арткы дөңгөлөгүнө тебеленип калган. Автобустун айдоочусу камакка алынган.

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы кабарлагандай, баш калаада 109 кичиавтобустук, 11 автобустук жана 11 троллейбустук каттам бар.

Мында муниципалдык 140 автобус, 145 троллейбус жана менчик 2100 кичиавтобус иштейт. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG