Линктер

жекшемби, 17-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 08:22

Президент Жээнбеков иш сапары менен Жапонияга барды


Сооронбай Жээнбеков Жапониянын Токио шаарында. 21-октябрь, 2019-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-октябрда иш сапары менен Токио шаарына барды. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жээнбеков Жапониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат. Жапон премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуу да пландалган.

Өлкө башчы мындан тышкары Жапониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана ал жакта жашаган, окуп, иштеген кыргызстандыктар менен жолугушат.

Жапониянын өкмөт башчысы баштаган жоон топ делегация Кыргызстанга 2015-жылы келип кеткен. Эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык алака 1992-жылдын 26-январында түзүлгөн. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG