Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:05

Токтогул суу сактагычына суу былтыркыдан 1 млрд. 839 млн. куб метрге аз чогулду


Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

Токтогул суу сактагычына бүгүнкү күнгө карата 17 млрд. 205 млн куб метр суу топтолду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд. 839 млн. куб метрге аз.

«Электр станциялары» ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиеванын «Азаттыкка» берген маалыматы боюнча, 2018-жылдын 20-октябрында суу сактагычка 19 млрд. 44 млн. куб метр суу чогулган. Айдаралиева быйыл суунун аз чогулушу элге жарык берүүдө кедергисин тийгизбей турганын айтты.

- Быйыл 17 млрд. 205 млн. куб метр суу менен кирип жатабыз. Бул күз-кыш мезгилине жетиштүү. Жарык берүүдө эч кандай чектөө киргизилбейт.

Айдаралиева бул жылы Токтогул суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу аз топтолушун Нарын дарыясына мөңгүлөрдөн келген суунун аз болгону менен байланыштырды. Суу сактагыч эң көп дегенде 19 млрд. 500 млн. куб метрге чейин суу батыра алат. (BTo)

XS
SM
MD
LG