Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:28

Ноябрда кыргызстандыктар төрт күн эс алат


Быйыл ноябрь айында кыргызстандыктар 7-11-ноябрда төрт күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 7-8-ноябрда Кыргызстанда Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет. Ал эми калган эки күн ишемби, жекшембиге туура келет.

7-8-ноябрды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп жарыялоо тууралуу чечим эки жыл мурда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен кабыл алынган.

Постсоветтик аймакта акыркылардан болуп Кыргызстанда майрам катары эсептелген Октябрь революциясынын күнүнүн ордуна жаңы майрам катары 7-ноябрь Тарых күнү, ал эми 8-ноябрь Ата-бабаларды эскерүү күнү болуп жарыяланган. (BkA)

XS
SM
MD
LG