Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясында Али-Абад районундагы көзөмөл-өткөрмө бекетке 22-октябрда «Талибан» кыймылы кол салды.
Провинциялык кеңештин өкүлү Гулам Раббани Раббанинин билдиргенине караганда, анда 15 полиция кызматкери ажал тапты. Бул кол салууну талибдер уюштурганын аталган кыймылдын расмий өкүлү да бышыктады.
«Талибан» Кундуз провинциясындагы бир катар райондорду көзөмөлдөйт. Алар 2015-жылы аталган провинциянын борборун эки аптадай басып турушкан жана ошондон бери бир канча жолу чабуул уюштурушкан.
Ушул тушта талибдер Ооганстандын дээрлик жарымын көзөмөлдөйт жана ооган коопсуздук күчтөрүнө такай чабуул уюштуруп келет.
АКШнын коргоо министри Марк Эспер 21-октябрда Кабулда жүргөндө ооган бийлигин «Вашингтон бул өлкөдөгү жоокерлерин Сириядагыдай алып чыгып кетпейт» деп ишендирген жана Кошмо Штаттарынын Ооганстандагы вазыйпасы узак мөөнөттүү экенин айтып, «Ал-Каида», «Талибан» жана «Ислам мамлекети» өңдүү куралдуу жана террордук топтордун коркунучун белгилеген.
Өткөн айдын башында Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп «Талибан» кыймылы менен Ооганстандагы согушту токтотуу боюнча бир канча айдан берки сүйлөшүүлөрдү бир тараптуу токтотуп койгон. Буга америкалык жоокердин өлүмү менен аяктаган талибдердин чабуулу себеп болгон. Буга байланыштуу «Талибан» чабуулдарын дагы күчөткөн.