Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Кадырбеков: 9 пайыздык босогодон президент чочулашы керек


Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбековдун айтымында, шайлоо мыйзамынын жаңы редакциясындагы өзгөрүүлөр өлкө жарандарынын нааразылыгын жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу Кадырбеков шайлоо мыйзамын талкуулаган жыйында билдирди. Кадырбеков шайлоодогу 9 пайыздык босогонун кесепетин президент баш болуп ойлонушу керектигин айтты.

“Оппозиция жана бийликтен башкача ойлонгондор парламентте болушу керек. Акаев муну кылган, ал Конституцияны тогуз жолу өзгөртүп, бардык ыйгарым укуктарды өзүнө топтогон. Акыр-аягында сараңдык кылып парламентти толугу менен өзүнө алгысы келген. Эми азыр ал кайда? Ушундай эле тагдырды Бакиев башынан өткөрдү. 9 пайыздык босогонун кесепетинен президент коркушу керек. Анткени ал бардык бийликти колго алам деп жатып, революциялык кырдаалга туш келиши мүмкүн”,-деди Кадырбеков.

Жыйындын жүрүшүндө шайлоо босогосун 3 пайызга чейин түшүрүүнү сунуштагандар болду.

Кыргызстандын президентин, Жогорку Кеңешин, жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Ош шаары менен Бишкек шаарынын макамы боюнча жалпысынан жети мыйзамга өзгөртүүлөрдү камтыган топтомду президентке караштуу жумушчу топ депутаттар менен бирге иштеп чыккан. Ага ылайык, шайлоо босогосу 7 пайыздан 9 пайызга жогорулатылган.

Мындай өзгөртүү келечектеги парламенттин курамына терс таасирин тийгизет деп, аны төмөндөтүүнү буга чейин бир нече саясий күчтөр сунуш кылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG