Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:06

Президент Жээнбеков жапон императорунун такка отуруу салтанатына катышты


Император Нарухито.
Император Нарухито.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жапониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Токиодогу Император сарайында өткөн такка отуруу аземине дүйнөнүн 170тен ашык өлкөсүнөн жогорку даражалуу меймандар катышты.

59 жаштагы Нарухито Жапониянын 126-императору болуп калды. Анын атасы Акихито быйыл май айында жаш курагы келип калгандыгына байланыштуу өз ыктыяры менен тактыдан баш тартып, Нарухитого өткөрүп берүү ниетин билдирген.

Президент Жээнбеков Жапонияга болгон сапарынын алкагында аталган өлкөнүн премьер-министри Синдзо Абэ менен дагы жолугары кабарланган. (BkA)

XS
SM
MD
LG