Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

Азия Өнүктүрүү Банкы бюджетти колдоого 50 миллион доллар бөлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Азия Өнүктүрүү Банкы Кыргызстандын республикалык бюджетин колдоого 50 миллион доллар бөлөт. Тиешелүү келишимдин долбоору парламентте талкууланууда. Аталган банк жардамды “Экономиканы диверсифациялоону илгерилетүү” программасынын алкагында көрсөтүүдө. Бул акча соода жана инвестициялык атаандаштык, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, мамлекет-жеке өнөктөштүк сыяктуу багыттарды колдоого жумшалышы керек.

Буга чейин өкмөт Азия Өнүктүрүү Банкынын жардамын алуу үчүн инвестицияны коргоо жаатында жыйырмага жакын иш-чараны аткарганын билдирген эле.

Кыргызстандын 2020-жылдагы бюджетинде тартыштык 9,8 миллиард сом болот деп болжолдонууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG