Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 20-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 21:17

Донецк: «Азаттык» менен кызматташкан журналист Асеев 15 жылга соттолду


Станислав Асеев.

Украинанын жикчилдер көзөмөлдөгөн Донецк облусунда сот «Азаттыктын» украин кызматы менен кызматташып жүргөн журналист Станислав Асеевди 15 жылга эркинен ажыратты. Ал 2017-жылы жазында камакка алынган. Ага тыңчылык, экстремизм жана Орусияга ыктаган жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактын бүтүндүгүн бузуу өңдүү айыптар коюлган.

«Эркин Европа/Азаттык» (RFE/RL) радиосунун президенти Жейми Флай журналисттин соттолгонун айыптады жана чукул арада бошотулушу керек экенин айтты.

Флай «Асеев журналист катары Украинанын чыгышындагы кырдаалды чагылдырууга аракет кылганын» белгиледи жана сот өкүмүн «журналисттин көз каранды эмес, кубаттуу үнүн өчүрүү аракети» катары сыпаттады. Жейми Флай ушул айдын башында Киевдеги басма сөз жыйынында да Асеевди бошотууга чакырган.

Асеевдин бошотулушун бир катар эл аралык уюмдар, алдыңкы дүйнөлүк медиалар да талап кылып жатышат.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG