Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:47

Красноярск крайындагы кырсыкта өлгөндөрдүн саны 17ге жетти


Кырсык болгон жер.
Кырсык болгон жер.

Орусиянын Красноярск крайында дамбалар жырылган жерде дайынсыз жоголуп жаткан беш адамдын экөөнүн сөөгү табылды. Буга чейин кырсыкта 15 адам ажал тапканы маалымдалган.

19-октябрга караган түнү Сейба дарыясындагы алтын кенге байланыштуу курлган беш дамба жырылып, бийиктиги 4-5 метрге жеткен топурак, ылай, таш аралаш топон суу эки жатакананы каптаган.

Орусиянын Тергөө комитети дамбалар алтын казылган тилкеден сууну буруп туруу үчүн мыйзамсыз курулганын маалымдап, эч ким ал объекттерди текшербегенин, тиешелүү документтер берилбегенин билдирген. Бул окуяга байланыштуу дамбага ээлик кылган компаниянын жетекчиси жана эки кызматкери камакка алынган.

XS
SM
MD
LG