Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:38

АКШнын Украинадагы элчиси Конгрессте көрсөтмө берет


Уильям Тейлор элчи болуп ушул жылдын май айында дайындалган.
Уильям Тейлор элчи болуп ушул жылдын май айында дайындалган.

АКШнын Украинадагы элчиси Уильям Тейлор 22-октябрда президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараянынын алкагында Өкүлдөр палатасынын үч комитетинин жабык жыйынында көрсөтмө берет.

Буга чейин Тейлор Украинанын президенти Владимир Зеленскийге басым кылуу максатында Вашингтон Киевге 400 миллион доллардык аскердик жардамды берүүнү убактылуу токтотуп койгонуна байланыштуу камтама болгону, алтургай "акылга сыйгыс" деп атаганы тууралуу маалыматтар чыккан.

АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал Трамп менен Зеленскийдин 25-июлдагы телефон сүйлөшүүсүнөн улам тутанган. Атайын кызматтагы информатор анда Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден жана анын уулунун Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген. Демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы Трампты "ыйгарым укугунан аша чапты" деп айыптап, ага импичмент жарыялоо жараянын баштаган.

Уильям Тейлор элчи болуп ушул жылдын май айында дайындалган. Ага чейинки элчи Мари Йовановичти Трамп кызматтан күтүүсүз алган.

XS
SM
MD
LG