Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Путин менен Эрдоган Сирия боюнча меморандумга кол коюшту


Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен орус президенти Владимир Путин, Сочи, 22-октябрь 2019-жыл.
Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен орус президенти Владимир Путин, Сочи, 22-октябрь 2019-жыл.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен орус лидери Владимир Путин 22-октябрда Сочи шаарындагы кездешүүсүндө Анкаранын Сириядагы операциясына байланыштуу меморандумга кол коюшту.

Өз ара түшүнүшүү тууралуу 10 пункттан турган бул документке ылайык, сириялык күрт кошуундары 150 сааттын ичинде Сириянын Түркия менен чектешкен, кенендиги 32 чакырымды түзгөн тилкеден же буфердик аймактан толугу менен чыгып кетиши керек.

Бул мөөнөт 23-октябрда түшкү саат 12де башталат. Дээрлик алты күн алты саатка созула турган бул убакыт ичинде ок атылбашы керек. Андан соң Түркия жана Орусия аймактагы коопсуз тилкени биргелешип күзөтүшмөкчү.

Түркия Сириянын түндүк-чыгышындагы күрт кошуундарына каршы "Тынчтык булагы" операциясын 9-октябрда баштаган. Анкара бул операция аркылуу Сириянын түрк чегине жакын аймагында коопсуз тилке түзүүнү, ал жерге өз аймагындагы сириялык эки миллион качкынды жайгаштырууну көздөөрүн билдирген. Бирок АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Анкаранын аракетин кескин айыпташкан.

17-октябрда Вашингтондун ортомчулугу менен Түркия Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясын беш күнгө токтото турууга макул болгон. 22-октябрда бул мөөнөт бүтөөр алдында сириялык күрт кошуундары макулдашуунун талабын аткарып, аймактан чыгып кетишкенин билдиришти.

XS
SM
MD
LG