Линктер

шаршемби, 13-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 00:58

Нью-Йорк - Ташкент багытындагы учакта жүргүнчүнү байлап алып келишти


«Uzbekistan Airways» улуттук авиакомпаниясынын учагында Нью-Йорк - Ташкент багытында келатып чыр салган жүргүнчүнү Ташкенттеги аэропортко келери менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кармап кетишти.

Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, 21-октябрда 51 жаштагы жүргүнчү учакта мас болуп чыр салган жана борт коштоочуларды сөккөн. Айла кеткенде башка жүргүнчүлөр экипажга жардамдашып, аны кармап отургучка байлап салышкан.

Анын жоругун Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин Транспорттогу коопсуздукту тейлөө башкармалыгы иликтеп жатат.

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG