Линктер

шаршемби, 13-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 01:29

«Чек арасыз кабарчылар» журналист Батырбековду бошотууга чакырды


Амангелди Батырбеков.

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму казак бийлигин журналист Амангелди Батырбековду бошотуп, сот өкүмүн жокко чыгарууга чакырды.

Уюмдун 22-октябрда жарыяланган билдирүүсүндө Батырбековго карата чыгарылган өкүм кезектеги жолу өлкөдө «журналисттер куугунтукталарын» көрсөткөндүгү белгиленген.

- Бул катаал өкүм көптөгөн процессуалдык мыйзам бузуу менен коштолгон соттук териштирүүнүн жыйынтыгында чыкты. Эгер казак бийлиги реформалар тууралуу айткандары олуттуу кабыл алынсын десе, маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан кылмыш иштерин токтотушу керек, - деп билдирди уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча өкүлү Йоханн Бир.

«Жалаа жабуу» жана «Мазактоо» беренелери боюнча айыпталган жарандык активист, «Сарыагаш инфо» басылмасынын редактору Амангелди Батырбековго карата өкүм 23-сентябрда чыккан. Сот аны «Фейсбуктагы» билдирүүсү менен Келес райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысын кемсинтүүгө күнөөлүү деп таап, компенсация катары 2,1 миллион теңге (5 300 доллар) айып пул төлөөгө милдеттендирген. Журналист айыптарды четке кагып, сын макалалары үчүн куугунтукка алынып жатканын билдирген.

Өткөн жумада «Чек арасыз кабарчылар» уюму Батырбековду ишмердүүлүгүнө байланыштуу камакка алынган журналисттердин тизмесине киргизген.

18-октябрда кеңсеси АКШда жайгашкан «Журналисттерди коргоо комитети» казак бийлигин журналист Амангелди Батырбековго коюлган бардык айыптарды алып, тез арада эркиндикке чыгарууга чакырган.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG