Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга кирген товарлар тобунун бажы төлөмү көтөрүлө турганын эскертип, ал боюнча өкмөт маалымат бербей жатканын сынга алды:
- Январь айынан баштап 166 товардык позицияга жаңы бирдиктүү бажы тарифи кирет. Биз Евразия Экономикалык Биримдигине киргенден кийин бул товардык позициялардын бажы төлөмү боюнча жеңилдик алып, ушул күнгө чейин узартып келгенбиз. Ошонун ичинде автоунаалар да бар. Эгерде буга чейин автоунаа алып келгендер 500 доллар бажы төлөмүн берип келсе, жаңы жылдан тартып 5000 доллар төлөйт. Бирок 166 позициянын калгандары кайсы товарлары экенин мен да билбей жатам. Биздин ишкерлер Кытай, Түркия, башка мамлекеттер менен иштеп жатат, бирок алар кайсы товарлар экенинен кабары жок. Бул жөнүндө өкмөт ачык маалымат бериши керек. Бир күн парламентти чакырып, сурайлы.
Мамлекеттик бажы кызматы 9-октябрда 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктай турганын жарыялаган. Ушундан улам 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кескин көбөйөт.
Мисалы, учурда 2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Toyota Camry» автоунаасынын бажы төлөмү 1250 доллар болсо, 2020-жылдан тартып ушундай эле машиненин бажы төлөмү 13 600 долларга чыгат.
Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) 2015-жылы киргенден кийин машинелер үч жыл бою биримдиктин алкагындагы төлөмдөр менен ташылган. 2018-жылы кыргыз өкмөтү Кыргызстанга ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмүн азайтып, электромобилдерге нөлдүк төлөм койгон. (ErN)