Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:59

Атамбаевдин макамы боюнча ишти караган соттук коллегия бир судьяны курамынан чыгарды


Конституциялык палатанын коллегиясы.
Конституциялык палатанын коллегиясы.

Конституциялык палатанын судьясы Эркинбек Мамыров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуунун Баш мыйзамга ылайыктуулугун караган соттук коллегиянын курамынан чыгарылды. Бул тууралуу соттук коллегия экинчи кеңешүүдөн чыккандан кийин жарыялады.

Буга сотко катышып жаткан Жогорку Кеңештин аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Чыңгызбек Бердимуратовдун соттук коллегиядан судья Эркинбек Мамыровду чыгаруу тууралуу өтүнүчү себеп болду. Ал Мамыров «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги» жөнүндө мыйзам боюнча чечим кабыл алына электе эле жалпыга маалымдоо каражаттарына жеке пикирин билдиргени үчүн бул ишти кароого катышпашы керек экенин айтты.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы бүгүн, 23-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуу Баш мыйзамга ылайык келер-келбесин карап жатат.

Сотто алгач Алмазбек Атамбаевдин кызыкчылыгын коргогон жактоочу Нурбек Токтакунов жыйынга төрагалык кылуучу, Конституциялык палатанын жетекчиси Карыбек Дүйшеевди соттук коллегиянын курамынан чыгаруу тууралуу өтүнүч келтирди.

Ал буга негиз катары Дүйшеев 2013-2014-жылдары Жогорку Кеңештин ал кездеги төрагасы Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болгонун, ал эми Асылбек Жээнбеков президент Сооронбай Жээнбековдун иниси экенин айтып, кызыкчылыктар кагылышы болорун айтты. Соттук коллегия бул өтүнүчтү четке какты.

Жогорку Кеңеш быйыл 27-июнда «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип, Алмазбек Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыраткан. Атамбаев парламенттин мындай чечимин таануудан баш тартып, анын тарапташтары Конституциялык палатага кайрылышкан.

Алмазбек Атамбаев Конституциялык палата бул маселени карамайынча өзүн тергөөгө күбө катары чакырууну мыйзамсыз деп эсептеп, ага баруудан баш тарткан болчу. Бул окуялар өнүгүп отуруп, 7-8-августта мурдагы президентти Кой-Таш айылындагы үйүнөн тергөөгө күч менен алып келүү аракети башаламандык менен коштолгон. Анын жыйынтыгында УКМКнын «Альфа» атайын тобунун бир кызматкери курман болуп, бир нече адам жабыркаган. (BTo\ErN)

XS
SM
MD
LG