Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Орусия Федерациясынын Кыргызстанга акча которууга киргизген чектөөсүн жоюп салуу боюнча кыргыз өкмөтүнүн аракеттери өзүн актабай жатканын билдирди. Ал Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагындагы макулдашууларды токтотууну сунуш кылды. Бул тууралуу пикирин эл өкүлү өзүнүн bekeshev.kg сайтында жарыялады.
«Орусия бирдей эрежелер менен биримдик түзгүсү келгендей сезилип жаткан, бирок ошол эле эрежелерди кайра өзүнө ыңгайлуу болгон учурда өзгөртүп жатат. Премьер-министр акча которууга чектөөнү алып салуу маселесин көтөрдү, бирок маселе чечилген жок. Бул маселе Орусиянын жетекчилиги «орустун айкөлдүгүн» көрсөтүүнү каалаганга чейин чечилбейт. Ошондуктан өзүбүз чечишибиз керек. Мен өкмөткө ЕАЭБге байланыштуу бардык макулдашуулардын ратификацияларын токтотуп турууну, ал эми парламентке 2018-жылдын 6-ноябрында Москва шаарында кол коюлган «Евразия Экономикалык Биримдигиндеги мамлекеттердин финансылык рынок тармагындагы мыйзамдарын үндөштүрүү тууралуу макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамды кабыл алууну артка жылдырып турууну сунуш кылам. Сандырактык дейсиңерби? Бирок Биримдиктин алкагындагы чектөөлөр сандырактык болуп жатат. А эмне үчүн бизге да ушундай «бир туугандык» сандырактык менен алектенүүгө болбосун?» деп жазды ал.
Эл өкүлү бул маселени парламенттин жыйынында көтөрөр-көтөрбөсүн тактап жазган эмес.
Быйыл апрелде Орусиядан Казакстанга, Кытайга, Вьетнамга, Кыргызстанга акча которууга айына 100 миң рублдик чектөө коюлган. Адистер анда бул кыргызстандык ишкерлер менен соодагерлерге жолтоо кыла турганын эскертишкен.
Бул маселе буга чейин өкмөттүн, парламенттин жыйындарында көтөрүлгөн. 2-октябрда Армениянын баш калаасы Ереванда өткөн Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында козголгон. (ErN)