Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:34

Конституциялык палата Атамбаевдин макамын алуунун мыйзамдуулугун карап бүтпөй калды


Конституциялык палатанын коллегиясы.
Конституциялык палатанын коллегиясы.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуунун Баш мыйзамга ылайыктыгын кароону 23-октябрда кечке чейин чейин карады. Иш күнү аяктаганына байланыштуу ишти кароо 24-октябрга калтырылды.

Процесстин башында Алмазбек Атамбаевдин кызыкчылыгын коргогон жактоочу Нурбек Токтакунов жыйынга төрагалык кылуучу, Конституциялык палатанын жетекчиси Карыбек Дүйшеевди соттук коллегиянын курамынан чыгаруу тууралуу өтүнүч келтирди. Ал буга негиз катары Дүйшеев 2013-2014-жылдары Жогорку Кеңештин ал кездеги төрагасы Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болгонун, ал эми Асылбек Жээнбеков президент Сооронбай Жээнбековдун иниси экенин, кызыкчылыктар кагылышы болорун айтты. Соттук коллегия бул өтүнүчтү четке какты.

Андан кийин Жогорку Кеңештин аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Чыңгызбек Бердимуратов соттук коллегиядан судья Эркинбек Мамыровду чыгаруу тууралуу өтүнүч келтирди. Ал Мамыров «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө» мыйзам боюнча чечим кабыл алына электе эле жалпыга маалымдоо каражаттарына жеке пикирин билдиргени үчүн бул ишти кароого катышпашы керек экенин айтты.

Кеңешүүдөн кийин соттук коллегия бул өтүнүчтү канааттандырып, Мамыровду курамынан чыгарды. Андан кийин тараптар өз жүйөлөрүн келтиришти.

Жогорку Кеңеш быйыл 27-июнда «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизип, Алмазбек Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыраткан. Атамбаев парламенттин мындай чечимин таануудан баш тартып, анын тарапташтары Конституциялык палатага кайрылышкан.

Алмазбек Атамбаев Конституциялык палата бул маселени карамайынча өзүн тергөөгө күбө катары чакырууну мыйзамсыз деп эсептеп, ага баруудан баш тарткан болчу. Бул окуялар өнүгүп отуруп, 7-8-августта мурдагы президентти Кой-Таш айылындагы үйүнөн тергөөгө күч менен алып келүү аракети башаламандык менен коштолгон. Анын жыйынтыгында УКМКнын «Альфа» атайын тобунун бир кызматкери курман болуп, бир нече адам жабыркаган. (BTo\ErN)

XS
SM
MD
LG