Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Конституциялык палата «экс» маселесин кароону улантат


Атамбаевдин президент кезиндеги сүрөт. 2017-жыл.
Атамбаевдин президент кезиндеги сүрөт. 2017-жыл.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуунун Баш мыйзамга ылайык келер-келбесин кароону 24-октябрда улантат. Бир күн мурдагы жараян кечке чейин уланып, аягына чыкпай калган.

Жогорку Кеңеш быйыл 27-июнда «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизип, Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыраткан. Атамбаев бул чечимди таануудан баш тартып, анын тарапташтары Конституциялык палатага кайрылышкан.

Мурдагы мамлекет башчы Конституциялык палата бул маселени карамайынча өзүн тергөөгө күбө катары чакырууну мыйзамсыз деп эсептеп, ага баруудан баш тарткан. Бул окуялар өнүгүп отуруп, 7-8-августта Атамбаевди Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн тергөөгө күч менен алып келүү аракети башаламандык менен коштолгон. Анын жыйынтыгында УКМКнын «Альфа» атайын тобунун бир кызматкери курман болуп, бир нече адам жабыркаган. Атамбаев учурда камакта. (SE)

XS
SM
MD
LG