Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Орус аскерлери Сириянын Түркия менен чектеш Кобани шаарына келишти


Сириядагы орусиялык жоокерлер.
Сириядагы орусиялык жоокерлер.

Орусиянын аскер кербени Евфрат дарыясынан өтүп, бир күн мурда Анкара менен жетишилген макулдашууга ылайык, Сириянын Түркиянын чек арасына жакын Кобани шаарына келди.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен орус лидери Владимир Путин 22-октябрда Сочи шаарындагы кездешүүсүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу 10 пункттан турган мемарандумга кол коюшкан.

Документке ылайык, сириялык күрд кошуундары 150 сааттын ичинде Сириянын Түркия менен чектеш, туурасы 32 чакырымды түзгөн тилкесинен же буфердик аймактан толугу менен чыгып кетиши керек.

Бул мөөнөт 23-октябрда түшкү саат 12де башталды. Ошол эле сааттан тартып Анкаранын «Тынчтык булагы» аскердик операциясы камтыбаган аймактарга Орусиянын аскердик полициясы жана Сириянын чек арачылары киргизилет. Меморандумда алар күрд кошуундарынын буфердик аймактан чыгып кетишине көмөктөшөрү айтылган.

Дээрлик алты күнгө созулган, алты саатка созула турган бул мөөнөт ичинде ок атылбашы керек. Андан соң Түркия жана Орусия аймактагы коопсуз тилкени чогуу күзөтүшөт. Орусиялык аскерлер Сириянын Кобани шаарына мемарандумдун шартына ылайык келди.

17-октябрда Вашингтондун ортомчулугу менен Түркия Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясын токтото турууга макул болгон. Анкара 22-октябрда операцияны жанданта турганын эскертип, бирок кийин аны баштоого зарылчылык жоктугун билдирген.

Кремл Сириянын президенти Башар Асад да орус-түрк макулдашуусун кубаттаганын билдирди.

Түркия Сириянын түндүк-чыгышындагы күрд кошуундарын бутага алган «Тынчтык булагы» операциясын 9-октябрда баштаган. Анкара бул операция аркылуу Сириянын түрк чегине жакын аймагында коопсуз тилке түзүүнү, ал жерге өз аймагындагы сириялык эки миллион качкынды жайгаштырууну көздөй турганын билдирген. Бирок АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Анкаранын аракетин кескин айыптап чыгышкан.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 23-октябрда Брюсселде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, түрк-орус макулдашуусу аймакта тынчтыкты орнотууга көмөктөшө алары тууралуу айтуу «абдан эрте» экенин билдирди.

Брюсселде 24-25-октябрда НАТОнун коргоо министрлеринин жыйыны өтөт. Анда Түркиянын Сириянын түндүгүнө кириши талкууланат.

XS
SM
MD
LG