Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:10

Тажик журналисттери бийликти «Озодини» чектебөөгө чакырышты


«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматынын Дүйшөмбүдөгү кызматкерлери.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматынын Дүйшөмбүдөгү кызматкерлери.

Тажикстандын Эркин жалпыга маалымдоо каражаттары бирикмеси жана Тажикстандын Жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча кеңеши өлкө бийлигин чет өлкөлүк медиага аккредитация берүү механизмин сөз эркиндигин чектөө куралы катары колдонбоого чакырды.

Эки уюм «Азаттыктын» тажик кызматынын журналисттеринин аккредитациясына байланыштуу тынчсызданып, биргелешкен билдирүүсүн 23-октябрда таратты.

«Азаттыктын» тажик кызматынын беш журналистинин аккредитациясын Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги алып койгон. Дагы тогуз журналисттин аккредитациясынын мөөнөтү 1-ноябрда аяктаганы турат.

Кайрылуунун авторлору Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинен аккредитациядан өтүү мөөнөтү жазуу түрүндө кайрылгандан кийин бир ай ичинде ишке ашырылышы керек деген эреже аткарылбай жатканын белгилешкен.

Жакында АКШнын Конгресси Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун атына кат жазып, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматынын журналисттерин куугунтуктоо, коркутуу жана аккредитация берүүдөн баш тартуу тууралуу маалыматтарга байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

2016-жылы президент Эмомали Рахмондун кыздарынын биринин жаңы кызматы тууралуу макала жарыялангандан кийин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Дүйшөмбүдөгү алты кызматкеринин аккредитациясын жокко чыгарган.

XS
SM
MD
LG