Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Израилде өкмөт түзүү Нетаньяхунун атаандашына тапшырылды


Бенни Ганц жана президент Ревуен Ривлин.
Бенни Ганц жана президент Ревуен Ривлин.

Израилдин президенти Реувен Ривлин «Кахоль-Лаван» оппозициялык блогунун лидери Бенни Ганцка коалициялык өкмөттүн курамын түзүүнү тапшырды. «Jerusalem Post» басылмасынын маалыматына караганда, саясатчыга 28 күн мөөнөт берилди. Эгер коалиция түзүлбөсө, өлкөдө быйылкы жылдын эсебинен үчүнчү шайлоо өтөт.

«Кахоль-Лаван» партиясы менен премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун «Ликуд» партиясынын ортосундагы сүйлөшүү 24-октябрга белгиленди.

21-октябрда Нетаньяху өкмөттү курай албай турганын айтып, бул ыйгарым укукту президентке өткөрүп берген. Соңку 11 жылдан бери өкмөттү ал өзү түзүп келаткан.

Израил парламенти - Кнессетке шайлоо 17-сентябрда болгон. 120 орундуу Кнессеттеги 31 мандат «Ликуд» партиясына, 33 мандат «Кахоль-Лаванга» тийген. Андыктан бир да саясий күч өз алдынча өкмөттү түзө албайт.

Быйыл жазында өткөн жалпы шайлоодо да бул эки партия эң көп добуш алганы менен башкаруучу коалицияга бириге алган эмес. Ошондон улам парламент ыдырап, мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.

Израилдин тарыхында мындай учур катталган тажрыйба бар. 1980-жылдары Шимон Перес менен Ицхак Шамир ушундай ыкма менен өкмөт башчы болгон.

XS
SM
MD
LG