Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:21

Оштон Өзбекстанга качууга аракет кылган жоокер пробациялык жазага тартылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Кургактагы аскерлердин №36806 аскердик бөлүгүнөн Өзбекстанга качууга аракет кылган жоокерге Ош шаардык соту Пробация кызматынын алкагында бир жылдык жаза чегерди. Бул тууралуу маалыматты «Азаттык» Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашевадан алды.

Мунун алдында айрым басылмалар Ош шаарындагы аталган аскердик бөлүктөн (Э.А. аттуу) жоокер качып чыгып, коңшу өлкөнүн чек арасынан өтүп бараткан учурда кармалганын жазышты.

Жарашева айтылгандарды ырастап, окуя августта болгонун тактады. Ал жоокер келишимдик негизде эмес, аскердик милдетин өтөп жүргөн жоокер экенин, качуу себептери айтылбай турганын билдирди. Мекеменин өкүлү бул боюнча кызматтык иликтөө жүрүп, тиешелүү кызматкерлерге чара көрүлгөнүн кошумчалады.

1-январдан тартып Жазык кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс, Тартип бузуу жөнүндө кодекс, «Пробация жөнүндө» жана «Мунапыс жөнүндө» мыйзамдар иштей баштаган. Анын ичиндеги мыйзамда кирген түшүнүк боюнча Пробация кызматы абактан сырткаркы жазаларды өтөөнү камсыз кылат. (ErN)

XS
SM
MD
LG