Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Базар-Коргондо тамакка ууланган 8 киши ооруканага түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда тамак-ашка уулануунун белгилери менен (ботулизм) сегиз киши райондук ооруканага жаткырылды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Жалал-Абад облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Үсөнкүл Жоробаев билдирди. Анын айтымында, алты киши жугуштуу оорулар бөлүмүндө болсо, экөө жандандыруу бөлүмүндө жатат.

- Баарына өз убагында дары-дармектер берилип, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатышат. Санитардык дарыгерлер үй ээсинин колдо жабылган салаттарынын баарын жок кылышты. Учурда алты бейтаптын абалы туруктуу жана жандандыруу бөлүмүндөгү 11 жаштагы кыздын жана 45 жаштагы аялдын абалы оор, - деди Жоробаев.

Ооруканага түшкөндөр талаада пахта терип жатып түштөнүүдө колдо жабылган салат жешкен. 19-20-октябрь күндөрү алар четинен ооруканага түшө баштаган. (RsK)

XS
SM
MD
LG