Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:24

ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук кароо уланды


Жогорку катардагылар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйкы катардагылар: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов. «Азаттыктын» коллажы.
Жогорку катардагылар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйкы катардагылар: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов. «Азаттыктын» коллажы.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда бүгүн, 24-октябрда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция боюнча ишти кароо улантылып жатат.

Процессте өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин эксперти жана башкалар күбө катары көрсөтмө берип жатышат.

Буга чейин соттордо айыпталуучулар алар айткан күбөлөр чакырылбай жатканына нааразы болгон. Мурунку отурум 23-октябрда өттү.

2018-жылы кыш чилдеде, ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып коюлган.

Лавровадан башкалардын бөгөт чарасын 21-октябрда Бишкек шаардык соту карап, Свердлов райондук соту аларды 12-декабрга чейин камакта калтырууну колдогон. (ErN)

XS
SM
MD
LG