Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Сенаторлор күрд кошуундарынын лидерине виза берүүнү тездетүүгө чакырышты


Вашингтон.
Вашингтон.

АКШда демократ жана республикачыл сенаторлордун тобу күрд кошуундарынын лидерине байланыштуу Мамлекеттик департаментке кайрылды. Мекеменин башчысы Майк Помпеонун атына 23-октябрда жиберилген катта «Сирия демократиялык күчтөрү» тобунун башчысы Мазлум Кобани Абди Сириядагы жагдай тууралуу Вашингтондо сенаторлорго маалымат бериши үчүн анын виза маселесин чукул арада чечип берүү жөнүндө өтүнүч жазылган.

«Биз Сириянын түндүгүндөгү жагдайга өтө камтамабыз деп айтсак деле аздык кылат», деп жазылат катта. Ошондой эле Мазлум Кобани Абдинин Вашингтонго келип кеткени Конгресс жана Дональд Трамптын администрациясы үчүн да пайдалуу болору белгилеген.

Бул катты жиберердин так алдында Дональд Трамп Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы жортуулуна байланыштуу Түркияга салган санкциясын алып таштаганы белгилүү болду.

Орусиянын Коргоо министрлиги 23-октябрда анын жоокерлери Ефрат дарыясы аркылуу Сириянын Түркия менен чектешкен Кобани шаарына келгенин маалымдаган.

Андан бир күн мурун Сочи шаарында Орусия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшкан. Анда түрк аскерлеринин жортуулу дагы 150 саатка токтотулары, бул убакыт аралыгында сириялык күрд кошуундары Анкара «коопсуз аймак» деп белгилеп алган тилкеден чыгып кетиши керек экени жазылган. Андан соң эки өлкөнүн жоокерлери бул аймакты чогуу күзөтүшөт.

XS
SM
MD
LG