Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Порошенконун эс алуусун иликтеген журналисттер сотко нааразы


Петр Порошенко.
Петр Порошенко.

Украинада иликтөөчү журналисттер тобу соттун Иликтөө боюнча мамлекеттик бюронун пайдасына чечим чыгарганын айыптап кайрылуу таратты. Анда аталган бюронун тергөөчүлөрүнө «ченебей берилген укук редакциянын ички ишине тоскоол болот» деп жазылган.

Өткөн аптада Киев шаарынын экс-президент Петр Порошонконун Мальдив аралдарындагы эс алуусун иликтеп жаткан Печерск райондук тергөөчүлөрүнө «Азаттыктын» украин кызматы менен украиналык «Первый» телеканалынын журналисттеринин өз ара электрондук кат алышуусун текшерүүгө убактылуу уруксат берген.

Былтыр алардын биргелешкен «Схема» теледолбоорунун алкагында ошол кездеги президент Порошенконун жашыруун эмгек өргүүсү тууралуу иликтөө көрсөтүлгөн. Анда программанын авторлору Порошенко Мальдив аралдарында эс алганын коомчулуктан жашырууга аракет кылганы айтылган. Программада Порошенко чек арадан жана паспорт көзөмөл бекетинен аты-жөнүн өзгөртүп өтүп, эс алууга 500 миң доллар короткон болушу мүмкүн деген божомол болгон.

Порошенко мындай дооматтарды ошондо эле четке каккан.

Сот чечими менен тергөөчүлөр журналисттердин өз ара электрондук кат кабар алуушусун текшерүүгө эле эмес, аталган редакциялардагы журналисттердин, айдоочулардын баарынын иш жадыбалы, айлык акысы тууралуу маалымат алууга уруксат берилди. Ошондой эле тергөөчүлөр менен кызматташуудан баш тарткан учурда «Азаттыктын» украин кызматынын Киевдеги кеңсесин тинте алат.

Порошенконун Мальдив аралдарындагы эс алуусуна байланыштуу күмөндүү жагдайларды иликтөө боюнча мамлекеттик бюро ушул жылдын август айынан тарта иштей баштаган.

Украина сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтинге 180 мамлекеттин ичинен 102-орунду ээлейт.

XS
SM
MD
LG