Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:00

Абылгазиев Орусияга учуп кетти


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Орусия Федерациясынын Москва шаарына иш сапары менен кетти.

Иш сапарынын алкагында өкмөт башчы Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле ушул жылдын 25-октябрында өтө турган КМШнын өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумуна катышат.

Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйынында күн тартибиндеги 15 маселе каралат.

Ал эми КМШнын өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунда 19 маселе каралат. Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат. (ErN)

XS
SM
MD
LG