Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

ЖЭБ боюнча сотто Ширшов менен Елисеевдин көрсөтмөлөрү окулат


Алексей Елисеев.
Алексей Елисеев.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотундагы каралып жаткан иште 2010-жылга чейин Өнүгүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин төрагасынын мурдагы орун басары Алексей Елисеев жана ошол жылдары энергетика тармагынын «көмүскө кожоюну» атыккан Алексей Ширшовдун көрсөтмөлөрү окулат.

Мындай өтүнүчтү 23-октябрда мамлекеттик айыптоочу келтирип, ишти карап жаткан судья аны канааттандырган. Бул тууралуу бул иште айыпталып жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Адвокаттын айтымында, мындай өтүнүчкө айыпталуучулар каршы болгон эмес.

Жоошев мамлекеттик айыптоонун далилдери жетишсиз болгондуктан буга чейин мыйзам бузганы үчүн сыртынан соттолуп, издөө жарыяланган адамдардын көрсөтмөсүн кошууга аракет кылып жатканын айтып чыкты.

- Прокуратура аталган адамдардын көрсөтмөлөрүн алса, эмне себептен аларды жазага тартууга аракет кылбайт? - деп суроо салды Жоошев.

Бул боюнча Башкы прокуратура эч кандай комментарий бере элек.

2018-жылы кыш чилдеде, ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып коюлган.

Лавровадан башкалардын бөгөт чарасын 21-октябрда Бишкек шаардык соту карап, Свердлов райондук соту аларды 12-декабрга чейин камакта калтырууну колдогон.(BkA)

XS
SM
MD
LG