Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:07

"Кыргыз жарандыгын кайра алабыз". 300 миңдей мигрантты кайтарган себептер


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттарынын санын дээрлик 300 миң адамга азайганын билдирди. Өкмөттүн өкүлү мигранттар кайсыл өлкөлөрдөн кайтып келгенин тактаган эмес. "Азаттык" алардын кайтышынын себептерин талдап көрдү.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги бир жылда Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны дээрлик 180 миңге азайганын билдирген.

Бирок келген мигранттардын көбү ар кандай жолдор менен Батыш жана Азиянын өнүккөн өлкөлөрүнө чыгып кетип жатканын айткандар бар.

Өкмөт: мигранттардын саны 300 миңге кыскарды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Женева шаарында эл аралык эмгек уюмунун директору Жильбер Унгбо менен жолугушкан учурда Кыргызстанга 300 миңдей мигрант кайтканын айткан. Ал COVID-19 пандемиясынан кийин Кыргызстанда жумушчу күчкө болгон суроо-талап жана эмгек акы жогорулаганын айткан:

"Бүгүнкү күндө Кыргызстан тышкы эмгек мигранттарынын санын дээрлик 300 миң адамга кыскарта алды. Өлкө ичинде алар үчүн жумуш орундарын түзүп гана тим болбостон, Кыргызстан азыр эл аралык эмгек мигранттары үчүн жагымдуу өлкөгө айланып баратат", - Байсалов мигранттардын укуктарын коргоого жана эмгектин тийиштүү шарттарын камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруп жатканын, айрыкча Түштүк Азиядан келген мигранттар үчүн популярдуу өлкөгө айланып баратканын билдирген.

Ал мигранттар көбүнчө кайсыл өлкөлөрдөн келгенин тактаган эмес. Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, кыргызстандык мигранттардын саны соңку жылы Орусияда, андан кийин Түркияда кыскарган.

Расмий маалыматка караганда, миграцияда жүргөн жалпы кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түзгөн. Анын 410 миңден ашууну Орусияда.

Мигранттарды кайтарган себептер

Мээргүл Орусияда он бир жыл иштегенден кийин Кыргызстанга кайтып келгенине бир жылга чукулдады. Ал Москвада, кийин Татарстандын Казан шаарында иштеген. Орусиянын жарандыгын алып, ишин түптөп, орун-очок алып калган үй-бүлөнүн кайтып келишине коронавирус пандемиясы, андан кийин орус-украин согушу негизги себеп болгон.

"Орусиянын жарандыгын алгандан кийин чын эле жумуштарга оңой орноштук. Москвада дүкөндөрдө, ресторандарда кассир болуп иштеп жүрдүк. Кийин жумушубузду өзгөртөлү, өзүбүзгө иштейли деп Казанда ишибизди баштадык. 2020-жылы карантин болуп кетти, базарлар жабылып, иштебей үйдө отуруп калдык. Андан көп өтпөй эле согуш башталды. Бардыгыбыз Орусиянын жараны болгон үчүн, жолдошум жаш, согушка алып кетпесин деп коркуп, ишибиздин баарын жыйыштырып Кыргызстанга кайтып келе бергенбиз. Бул жакка келгенден кийин цехтин ишин үйрөнүп алып, соодага чыктык. Буюрса Кыргызстандын жарандыгын алалы деп жатабыз. Азыр алты айда бир каттоого туруп турабыз", - дейт Мээргүл.

Коронавирус пандемиясы, андан кийин орус-украин согушуна байланыштуу мобилизация, атайын рейддер, текшерүүлөрдөн кийин мигранттар Орусиядан жапырт чыгып кете баштаган. Кыргыз өкмөтү мекенине кайткан мигранттар тууралуу биринчи жолу маалымат берип, чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттардын саны дээрлик 300 миң адамга азайганын айтып чыкты.

"Мигранттарга жасаган мамиле жакпады"

Орусияда миграцияда жүрүп келген Максат документ тариздөөдөгү кыйынчылыктар, мигранттарга каршы рейддер, акыркы текшерүүлөрдөн улам мекенине кайтууга аргасыз болгонун айтып берди:

"Москвада түрдүү жумуштарда иштедим. Машина жуудум, кулинардык цехте торт жасадым. Акыркы учурда суши жасап иштедим. Кыргызстанга кайтканымдын себептери көп болду. Биринчиси документке байланыштуу. Каттоого туруу, жумушка уруксат алуу сыяктуу документтерди мыйзамдуу алуу кыйын. Москвада мигранттарга легалдуу акча төлөп жашоо кыйын. Өзүм жакшы эле иштеп жаткам, айына 60-70 миң рубль алчумун. Бирок батир табуу дагы кыйын болуп калды. Акыркы учурда славяндарга эле беребиз деп деп калышты. 90-100 миң рубль алсаң деле батир, документ болуп атып көп акча кетип калат. Бишкекке караганда жашоо кымбат ал жакта. Үчүнчүдөн, эң жакпаган жагы - сен мигрантсың деген мамиле. Орустар өздөрү айтпайт, бирок сезилип турат. Иштеген жерде орусча сүйлөгүлө дейт. Ошондуктан кайтып келе бердим".

Буга чейин Статистика комитети өлкөгө туруктуу кайтып келгендер чыгып кеткендерге салыштырмалуу көп экенин билдирген. Анткен менен өкмөттүн бул маалыматын ырастабагандар дагы бар. Ишкер Жасур Парпиев келгендер ар кандай жолдор менен башка өлкөлөргө чыгып кетип жатканын айтты:

"Бул куру сөз. Кайтып келгенден чыгып кеткендер он эсе көп болуп жатат. Кайтып келген мигрант бизден кандай пайда көрүп жатат? Бул жерде мамлекет келе турган мигранттарга дагы, аларга иш бере турган ишкерлерге дагы шарттарды түзүшү керек".

"Келгендер кайра кетип жатат"

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги соңку учурда кыргызстандыктар Батышка жана Азиянын өнүккөн өлкөлөрүнө багыт алгандар көбөйгөнүн айткан. Акыркы эки жылда жарандар расмий келишимдер менен чет жакка жөнөтүлө баштады. Анын ичинен Британияга, Түштүк Кореяга жүздөгөн жумушчулар жиберилди. Германия, Финляндия, Жапония жана Перс булуңундагы жети-сегиз мамлекет менен келишим түзүлдү. Бирок бул өлкөлөрдөн берилген жумуш орундары көп деле эмес. Былтыр Эмгек министрлиги аркылуу 18 миңден ашуун адам чет өлкөлөрдө жумушка орношкон.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева мигранттар кайтып, жумушсуздардын саны көбөйгөнүн белгиледи:

Элвира Сурабалдиева
Элвира Сурабалдиева

"Ортодо жумуш издеп Бишкекте калышты дегенге мен кошулам. Жакындан бери мобилдик байланыштын сапаты начарлап жатканын байкап жатабыз. Бул адамдардын көбөйгөнүнөн кабар берет. Ошол себептүү комитеттин жыйынында лицензияларды берип, толкундарды көбөйтүүнү сурандым. Азыр кайра ар кандай жолдор менен Америкага кетип жатышат. Орусиядан чыгып кеткендерден Кыргызстанда дагы калгандары бар, жакшыраак шарттарды издеп Германия, Түштүк Корея, Түркияга чыгып кеткендер көп болуп жатат. Өткөн жумада эле Түркиядан келдик. Мигрант аялдар менен жолуксак, "келгендер аябай көп, жаш кыздар-жигиттер көп келип жатышат" деп айтышты. Алардын даярдыгы боюнча маселени айтышты. Муну биз парламентте дагы көтөрөбүз".

Президент Садыр Жапаровдун “чет жакта иштеген кыргыз жарандарын Кыргызстанга кайтаруу” тууралуу чакырыгы анын эң белгилүү убадаларынын бири болгон. Бул жөнүндө ал шайлоодогу үгүт маалында көп жолу айткан. Кийин инаугурацияда да кеп кылган.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Демек, күн-түн дебей күч үрөп, бел чечпей иштеп, Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады сыяктуу ири долбоорлорду тез арада ишке ашыруу, жумушчу орундарын түзүү аркылуу иш менен камсыздоону, миңдеген мигрант мекендештеримди кайтарып келүүнү президент катары милдетим деп эсептейм”, – деген Жапаров 2021-жылы 28-январда.

Ошол эле кезде мигранттардын кайтышына кыргыз өкмөтүнүн кандайдыр бир программасы же демилгеси эмес, дүйнөдөгү соңку кырдаалдар себеп болгонун белгилегендер бар.

"Кайтып келгендерга шарт түзүлүшү керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева ишкерлердин "старт-ап" долбоорлорун колдоого арзан жана жеңил насыя берүү, жумушка орношуу процесттерин жеңилдетүү жана ачык жүргүзүү өңдүү айрым сунуштарды атады:

"Жумушка орношуу ачык-айкын жүрүп, коррупция жок болушу керек. Кадрлардын резерви боюнча суроолор көп болуп жатат. Кайтып келгендер ишкерлик менен алектенем десе, аларга арзан пайыздагы насыялардын түрү берилип, айыл чарба жаатындагы маселелер өзгөрүшү керек. Бизге кайрылгандардын көбү жумушка орношуу кыйын экенин айтышат. Жаштар барса тажрыйба талап кылынат, тааныш керек деп айтышты. Мамлекеттик кызматка кирерде кадр резервине кантип кириш керек деген маселе боюнча дагы маалымат жок".

Президент Жапаров ант бергендин эртеси беш жарлыгын чыгарса, анын бири “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө” деп аталган. Анда кыргызстандык эмгек мигранттарын ар тараптан колдоо, аларды кайтаруу үчүн кошумча жумуш орундарын түзүү, балдарын камкордукка алуу сыяктуу жоболор камтылган.

Эгемендиктин алгачкы жылдарынан тарта башталган миграциялык агымды токтотуу үчүн өкмөттүк чаралар жетишсиз экенин айткандар бар. Чет жактан жумуш издегендердин агымы мурдагыдай эле азая элек. Өлкө расмийлери Кыргызстандын өзүндө жакшы маяна менен жумуш орундары көп экенин айтып жаткан чакта, миңдеген кыргыз жаштары өнүккөн өлкөлөргө барып иштеп, окуу ниети менен миграция агымына бой урууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG