Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:44

Венгрия: Ара жолдо калган кыргызстандык мигранттар


Венгрияга Кыргызстандан барган үч жүздөй кыргыз мигранты бир күндө заводдон айдалган. Бул өлкөгө иш издөө үчүн келген кыргызстандыктар арасында ушул сыяктуу окуялар кайталанып келет. “Азаттык” окуялардын чоо-жайын иликтейт.

Венгрия: 300дөй кыргызстандык мигрант ишсиз калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:55 0:00

"Биз ушул жакка жумушка келүү үчүн 500 миң сом насыя алганбыз. Визаны алты ай күтүп, ал акчаны тигиден, мындан алып жаап атып, эптеп келдик. Эми иштеп баштаганда ушул жагдайга туш болдук".

Атын атагысы келбеген бул кыргыз жараны “Венгрияга жумушка чакырабыз” деген жарнамаларды интернеттен көрүп, эки ай мурда Бишкектеги агенттиктер аркылуу жолдошу, иниси менен чогуу Будапештке иштегени келген.

Аларды Венгрияда же Мажарстанда Alfa works аттуу жергиликтүү агенттик тосуп алып, Будапешттен анча алыс эмес Иванча шаарындагы автомашиналардын аккумуляторун чыгарган SK On Hungary заводуна орноштурган. Бирок 10-майда кыргыздар сыяктуу жүздөгөн түрдүү жумушчулар бул заводдон күтүүсүздөн иштен айдалган.

"Тамак-аштан тышкары 1000 доллардан айлык аласыңар деген. Биз ошол нерсеге макул болдук. Алардын шарты боюнча ар бирибиз 80 миңден (900 доллар), үч кишиге 240 миң сом (2700 доллар) бердик. Бул жакка келип сураштырганда 60 миң, 50 миң сом (700, 600 доллар) бергендер бар экен. Эгер убактылуу жашоого уруксат кагазыбыз колго тийбей эле Кыргызстанга кетсек, кара тизмеге кирип калышыбыз мүмкүн экен. Кетпейли десек колубузда документ жок кайда барабыз? Кан басымыбыз көтөрүлүп жатат. Кыргызстандагы ата-эне, бала-чакабыз сарсанаа. Таң атат, кеч кирет, отурабыз".

Кыргызстандык мигранттар жашаган жатакана.
Кыргызстандык мигранттар жашаган жатакана.

Биз майдын ортосунда Венгрияга барганда иштен айдалган жумушчулар Дунайварош шаарындагы бул жатаканада убактылуу жашап жатышкан экен. Алар бул жайга адеп заводго ишке орношкондо жайгаштырылган. Жаңы жумуш табылбаса, алар бул жатаканадан да чыгып калышы мүмкүн.

Айжаркын жатаканадагы башка жердештериндей эле Венгриядагы заводго эки ай мурун ишке орношкон. Анын айтымында, кыргыз мигранттары заводдо негизинен кара жумушта иштешкен. 10-май күнү алардын көбү "кыскартууга туш келдиңер" деген негиз менен жумуштан бошотулган:

"Жумуш башталганда эле үч адам иштен айдалды. Андан кийин эле алты бала кетти. Бизге алардын жүрүм-туруму себеп болду деп түшүндүрүштү. Бирок негизги себеп тил билбегени эле болду. Бир күнү эле бизге окшоп иштеген башка ишкананын жумушчулары иштен айдалып жатканыбызды укканын айтышты. Биз дароо кураторубузга чалдык. Ал дагы тастыктап, азыр эле ушундай маалымат алганын айтты. Тизмени ачканда биз келген Alfa Works компаниясынан 230 адам, дагы бир HR деген компаниядан 160 адам экен. Жалпы ошондо 350дөн ашык кыргыз иштен айдалдык. Алар бизге карточкаларды таштап, мекемеден чыгып кеткиле деди".

Айжаркын.
Айжаркын.

Айжаркын завод кыскартуу үчүн жумушчуларга кенемте пул төлөбөгөнүн, иштеген айлык акысын гана бергенин кошумчалады. Анын айтымында, алардын айлык акысы салыкка чейин 1000доллардын тегерегинде болгон.

Кокустан жумушунан айрылган Айжаркын азыр алапайын таппай отурат. Анын айтымында, заводдун чечими Европага жаңы келген мигранттарды нес кылып койду.

"Шок абалында болуп, такыр кыймылы жок отуруп калдым. Баары эле мага окшогон абалда болушту. Эркектер улам тамеки тартып, ары - бери басып, ойлуу болушту. Баары эле ВНЖ (убактылуу жашоого уруксат) барбы, жокпу деп жатышты. Тайпаларда да баары эле документ сурап жазып жатышты. Документи барлар башка өлкөгө кеткенге даярданып калышты. Негизи бул заводдун айлыгы мага жаккан. Бирок, минтип айдап салганы адамгерчиликке жатпайт деп эсептейм".

Биз барган чакта бул жатаканада 150 чамалуу кыргызстандык жумушчу бар экен. Мындагылар алгач жатаканада 200дөн ашуун кыргыз жараны болгонун, айрымдары Кыргызстанга кайтып же Европанын башка өлкөлөрүнө чыгып кеткенин билдиришти.

Жатаканадагылар бизге Кыргызстандан Венгрияга бир айлык жумуш визасын ачып келишкенин жана бул жактагы агенттик мыйзамдуу иштеп, жашаганга уруксат берген атайын документти даярдап берүүнү убада кылганын айтып беришти. Бирок көбүнүн иш жүзүндө документи жок, бир айлык визасынын мөөнөтү эбак өтүп кеткен.

"Эртең бизди чыгып кеткиле бул жактан десе кайда барабыз? ВНЖбыз жок. Визасы өтүп кеткендер бар. Мына отурабыз. Мисалы, менин визам 27-апрелде аяктаган".

Бул аял Кыргызстандагы жумуш агенттиги Венгриядагы иш эрежелери тууралуу толук маалымат бербегенин айтып, алардын укуктары келишимде көрсөтүлбөгөнүнө нааразы болду:

"Рамай Саякат" деген агенттик менен келдик. Алар эки айдан кийин виза чыгат дешкен. Андан кийин төрт ай күттүк. Анан алты ай күттүк. Андан кийин гана офиске келгиле, визаңар келди дешти. Мен алардан иш келишимин талап кылдым. Alfa Works же завод менен келишимди сурадым. Кандай талаптар бар, эмне кылыш керек деп сурадым. Биз келгиче англис тили, мажар/венгр тилин билүү талаптарын билген эмеспиз. Миргүл “Биз силерди чыгарып койдук болду, андан ары жоопкерчилик бизде эмес” деди. Эгер ошол келишимдерди убагында окуганда, биз келбейт болчубуз. 100% келбейт болчубуз".

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караган Migrant.kg сайтында Венгрияга жумушчуларды жөнөтүү менен алектенген 40ка жакын агенттиктин тизмеси бар.

“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчылары буга чейин аты аталган “Рамай Саякат” агенттигинин кеңсесине барды.

Агенттиктин жетекчиси Миргүл Көчөрбаева төрт жылдан бери Венгрияга жумушчуларды жиберип жатканын, кыргызстандык мигранттар ишсиз калган учурлар мурда да болуп келгенин айтып, жарандар ишке орношкондон кийин жаралган жагдайлар үчүн жооп бере албай турганын белгиледи.

"Негизги келишим - бул жумуш таап берүү, виза жасап берүү жана ишке орношконго чейин визалык жактан көмөк көрсөтүү. Биздин төрт жыл ичиндеги жумушта ар кандай жагдайлар болгон. Жумушсуз калган учурлар буга чейин да болгон. Бир жолу 30 адам, бир жолкусунда 10 адам жумушу жок калган. Банкрот болуп калат. Мындай нерсе болуп турат. Иш берүүчү банкрот болбойт, иш берүүчү жабылып калбайт деп биз кепилдик бере албайбыз".

Европага келгенден эки ай өтпөй ишсиз калган мигранттардын маселеси Мажарстандагы Кыргызстандын элчилигинин да көзөмөлүндө турат. Мажарстандагы Кыргызстандын элчиси Талантбек Кушчубеков.

Талантбек Кушчубеков.
Талантбек Кушчубеков.

"Менде болгон маалыматтарга караганда, башка бир заводго 40тай киши которулуп жатат. 20 адам иштеп баштады, 20 адам жакынкы күндөрү иштейт. 15ке жакын адамды Польшага жиберишти. 60ка жакын адамды Словенияга жиберебиз деп жатышат. 15тей адам Мажарстанда башка ишканаларга ишке орношту. Буга окшогон окуялар буга чейин эле болгон. Бирок мынчалык санда болгон эмес. Буга чейин 10-15 адам иштен бошогон учур болгон".

Эми Кыргызстандык мигранттарды иштен айдаган SK On Hungary заводунун таржымалына токтололу. Аталган ишкана Будапешттен анча алыс эмес чакан шаарда жайгашып, автомашиналардын аккумуляторун чогултат. Расмий сайтынан ал түштүк кореялык SK ишканасынын Венгриядагы филиалы экенин, бул компания бир канча өлкөдө иш алып барарын көрүүгө болот. SK заводунун имараттары Иванча шаарынан тышкары, Венгриянын Комаром шаарында да бар.

Ал тапта заводдон айдалган кыргыз мигранттары тууралуу кабар Венгр (мажар) медиасында тез эле тарап, талкуу жаратканын билдик. Макалаларда себеп катары заводдун иши электромобилдерге болгон талап азайганына байланыштуу солгундаганы айтылат. Айрым массалык маалымат каражаттары кыргыз мигранттарынын жүрүм-туруму тууралуу да талаштуу макалаларды жарыялашкан экен.

"Азаттыктын" кабарчысы Айгерим Акылбекова. Венгриядагы кыргыз мигранттары иштеген завод.
"Азаттыктын" кабарчысы Айгерим Акылбекова. Венгриядагы кыргыз мигранттары иштеген завод.

“Иванчада ишсиз калган кыргыз мигранттары заводдун дааратканасын булгап кетишкен”...

Венгриядагы профсоюздун же кесиптик кошуундун төрагасы Тамаш Секели биз барган чакта заводдун жетекчилиги менен жолугуп чыккан экен. Анын айтымында, бир ай ичинде завод 600дөн ашык кара жумушта иштеген кызматкерин иштен бошоткон.

"Бул кабар чындыкка дал келбейт экен. Биз менен заводдун жетекчилиги жолугуп, айтты. Бул башка жумушчулар чыгарган кеп экен. Батарея менен иштеген эки ири завод бар. Бири самсунг, экинчиси бул. Венгрияда SK Battery компаниясынын дагы эки өкүлчүлүгү бар. Маселе мына ушул биз турган Иванча филиалында болуп жатат. Өндүрүштүк маселелерден улам бул заводдун иши үзгүлтүккө учураган. Заводдун кызматкерлери жетектөөчүлүк кызмат жана кара жумушчулар болуп экиге бөлүнөт. Алардын айлык акысы 800-900 доллар".

SK заводу иштен бошотулган жана биз жолуккан кыргызстандык жумушчулар менен түз өзү эч кандай келишим түзгөн эмес. Мигранттар Alfa Works агенттиги менен эмгек келишимине кол коюп, ал аркылуу заводго ишке орношушкан.

Биз жолуккан кыргызстандыктар жана Венгриядагы профсоюздун өкүлү Борбордук Европадагы бул өлкөдө заводдор кызматкерлердин өзү менен эмес, жумуш агенттиктери менен келишим түзгөн учурлар кенен жайылганын айтып беришти. Мындай учурда айлык акы да ортомчу агенттиктер аркылуу жумушчуга төлөнөт.

Биз кыргызстандыктарды заводго жумушка орноштурган Alfa Works компаниясына кайрылып, соңку жагдай боюнча түшүндүрмөсүн угалы дедик. Аталган агенттиктин Венгрияда бир нече өкүлчүлүгү бар. Биз алардын бирине келип, бирок кеңсесинен эч кимди таба алган жокпуз.

Кыргызстандык мигранттар менен Венгрияда компаниянын орус тилдүү кызматкерлери иш алып барган. Бири жумушчулар менен болгон кат алышууда соңку жагдайга компания жооптуу эмес экенин жазган.

Бул номерге чалганыбызда “Альфа воркстун” өкүлү Арслан аттуу жигит жооп берип, комментарий берүүдөн баш тартты.

Кыргызстандык мигранттар иштеген завод.
Кыргызстандык мигранттар иштеген завод.

Программа Венгрияда тартылып бүткөндөн кийин SK On Hungary заводунан буга чейин жазган катыбызга электрондук жооп келди. Анда завод кыргызстандыктардын укуктары бузулганы тууралуу маалыматтарды четке кагып, мындай түшүндүрмө берди.

"Юридикалык көз караштан алганда, эч кандай иштен алуу болбогонун баса белгилеп коюу маанилүү. SK On Hungary убактылуу жумушка орноштуруу агенттиктери менен кызмат көрсөтүү келишимдери бар. Ал кызмат көрсөтүү келишимдери өзгөргөн жок, бирок завод болжол менен 600гө жакын убактылуу чет элдик жумушчуларды жалдоону токтотту. SK On Hungary өндүрүш пландарына ылайык эмгек күчүн ийкемдүү башкарууну камсыз кылуу үчүн чет элдик убактылуу жумушчуларды жалдайт. Профсоюз да ырастагандай, дүйнөдө электр унааларына болгон суроо-талап басаңдап, өндүрүш көлөмүн ийкемдүү түрдө өзгөртүү зарылчылыгын пайда кылууда. Ага ылайык, компания убактылуу келишим менен иштеген айрым жумушчуларды ижарага алууну токтотту".

Компания канча кыргызстандык ишинен ажыраганын заводдун “бизнес кызыкчылыктарына жана атаандаштыктагы артыкчылыктарына” зыянын тийгизет деген жүйө менен ачык айтуудан баш тартты.

Венгрия.
Венгрия.

Борбордук Европада жайгашкан Венгрия соңку жылдары кыргызстандык мигранттар кызыккан өлкөлөрдүн бирине айланды. Кыргызстан менен бул өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамиле эгемендиктин алгачкы жылдары эле түзүлгөнү менен мажар элчилиги Бишкекте 2020-жылы гана ачылган. Ошол эле жылы Мажарстанда да кыргыз элчилиги ишин баштап, бул убактан тарта Венгрияга иштөө үчүн келген мигранттардын саны көбөйө баштаган. Европадагы маалымат каражаттары Венгрияда мигранттарга каршы маанай байкалып турганы менен бул өлкө чет жактан, өзгөчө Азиядан агылган арзан эмгек күчүнө муктаж экенин жазып келишет.

Венгриянын экономика министрлигинин маалыматына караганда, бул өлкөдө ушул тапта 120 миң чет өлкөлүк жумушчу иштейт. Мигранттар эң көп келген өлкөлөр: Украина (40 миң), Сербия жана Вьетнам (ар бири 16 миң), Филиппиндер (10 миң). Кызыгы, соңку бир жыл ичинде Мажарстанга келген азиялык мигранттардын ичинен биринчи орунду филлипиндиктер, кийинки орунду Вьетнамдын жарандары ээлесе, Кыргызстандан келген мигранттар үчүнчү сапка чыккан. Жергиликтүү “Портфолио” сайты расмий маалыматтарга таянып жазгандай, Мажарстанда иштеген кыргыз мигранттардын расмий саны 1500гө жакын. Бирок бейрасмий сан мындан көп болушу мүмкүн. Венгрияда Европа Биримдигиндеги экономикасы күчтүү башка өлкөлөргө салыштырмалуу маянасы ылдыйраак. 2023-жылкы маалыматтарга караганда, бул өлкөдө орточо айлык маяна 1500 доллардын тегереги болсо, кара жумуш же жогорку квалификацияны талап кылынбаган иштерде айлык маяна 600-800 долларды түзөт.

Мындан тышкары мажар өкмөтүнүн мигранттарга болгон мамилеси да талаш-талкууга жем таштап келет. Премьер-министр Виктор Орбан мыйзамсыз миграция жана качкындарга эң катаал позицияны карманган европалык лидерлердин бири катары белгилүү.

“Венгрия кандай акчага болбосун иммигранттардын өз аймагына киришине жол бербейт.” 19-январь, 2024-жыл

Венгриядагы кыргызстандык активисттер аз акчага ишке алынган азиялык мигранттарды мажар ишканалары каалагандай калчап келээрин белгилешет. Руслан Аринов бир жыл мурун Кыргызстандан Венгриядагы заводдордун бирине ишке келген. Бирок бир нече жолу иштен айдалгандан кийин ал IT тармагында окуп, башка иш издөөгө аргасыз болгон.

Руслан Аринов.
Руслан Аринов.

"Бул жакта ишке алган да, айдаган да жеңил. Мындай нерселер 1-2 сааттын ичинде эле болуп кетет. Өзүмдүн башымдан да ушул нерсе өткөн. Биз алгач 12 бала болуп келгенбиз. Ошолордун ичинен жалгыз мен эле калгам. Калгандары 4-5 ай ичинде башка чет мамлекетке же Кыргызстанга чыгып кеткенге аргасыз болушту. Анткени, бул жерде бир маселе бар. Ал - Кыргызстандагы агенттиктердин ишинин көзөмөлгө алынбаганы. Мисалы, биз бул жакка келгенде бир топ кыйынчылыктарга туш болдук. Бизди жок эле жумушка Кыргызстандан жиберип коюшуптур. Бул жакка келгенде алды бир нече жума, арты бир нече айга чейин эч кандай жумушу жок отурушкан."

Венгр өкмөтү бир жагынан мигранттарга катаал чара көрүү зарылдыгын билдиргени менен тил билбеген, квалификациясы жогору эмес, чет элдик жумушчулардын Мажарстанга келип иштешине эмне үчүн уруксат берип келет? Эмне себептен кара жумушта иштеген чет элдик мигранттар бир күнү жумушка орношсо, экинчи күнү оңой эле эч түшүндүрмөсүз иштен айдалып калып жатат? Бул суроого Policy Solutions институтунун эксперти Габор Дьери жооп берди.

“Бул кеңири жайылган жана көп колдонулган көрүнүш. Саны дагы өсүп баратат. Себеби экономиканын бир топ тармактарында эмгек күчү, жумушчулар тартыш. Эмгек күчүнүн чыгымдары да соңку жылдары кыйла өсүп кетти. Жумушчулардын тартыштыгынан жана эмгек күчүнүн чыгымдарынын жогору болушунан улам убактылуу жумушчуларды алып келүү көрүнүшү популярдуу боло баштады. Бирок убактылуу жумушчулардын мыйзамдык статусу абдан аярлуу. Себеби аларды коргогон чаралар көп эмес. Алардын эч кандай укугу корголгон эмес. Андыктан алар жумуш берүүчүнүн ушундай аракеттеринен оңой эле жабыркап калат. Адатта келишимдер жакшы эмес. Мыйзамдык жагдайлар жумушчулардан мурда көбүрөөк иш берүүчүнүн тарабында. Ошондой эле Европа өлкөлөрүнө салыштыра келгенде, керек болсо венгр жарандыгы бар жумушчулардын укуктары деле Германиядагы, Франциядагы же башка мамлекеттеги жумушчуларга караганда азыраак”.

Кыргызстандык мигранттар Венгриядагы SK On Hungary өңдүү ири Самсунг заводуна да көп ишке орношот. Анда иштеген кыргызстандык Аслан менен Будапешттен жолуктук. Ал Венгрия соңку жылдары Европадагы мыйзамсыз миграцияга да терезе болуп берип жатканын айтып берди.

"Мыйзамсыз келгендер бул жакта көп. Негизи Будапешт, Венгрия бул Мексика сыяктуу. Бул жакка виза алып эптеп келип алып, андан ары Польшага же Европанын башка өлкөлөрүнө иштегени кетишет".

“Азаттык” кыргыз мигранттарынын иштен айдалышына байланыштуу маселе боюнча венгр өкмөтүнө да кат жолдоп, маалымат кызматынан ушундай жооп алдык.

"Эмгек кодексинин 2012-жылдагы I Акты азиялык мигранттарды ишке орноштуруу үчүн колдонулат. Эмгек кодексинде каралган укуктарды ишке ашырууга жана милдеттерди аткарууга келсек, жумушчулар улутуна карата бөлүнбөйт. Азиялык эмгек мигранттары Венгриянын жана Евробиримдиктин же башка үчүнчү өлкөнүн жарандары сыяктуу жамааттык өкүлчүлүккө, кесиптик бирликтерге жана жумушчу кеңештерге мүчө болууга жана талаш-тартыш болгон учурда мыйзамдуу чараларды көрүүгө укуктуу".

Мажарстандагы Кыргызстандын элчиси Талантбек Кушчубеков Кыргызстандан бул өлкөгө келе турган мигранттарды мыйзамдуу иштөөгө чакырды.

"Биздин Кыргызстандагы агенттикктер да пайда көрүш үчүн, кишинин санын көбөйтүш үчүн да көркөмдөп коюшат. Ошого ишенип бул жакка келип алган мигранттардын реалдуулукту көргөндө шагы сынып калат. Алар эмне үчүн биз ишендик, алданып алдык деп ойлошот. Европада сен мыйзамды сактап, туура жүрсөң гана корголосуң. Мыйзамды бузсаң сени коргогонго же элчилик тараптан доомат койгонго биз үчүн кыйын болуп калат".

Ошентип, жогоруда эки жүзгө жакын адамдын канчасы ишин Европада мыйзамдуу улантаары же мекенге кайтып барары азырынча белгисиз. Программа даярдалып жатканда кыргызстандыктардын бир бөлүгү артка кайтканын, айрымдары жаңы иш тапса, айрымдары жумуш издеп жатканын угуп жаттык. Берүүнүн соңунда каармандарыбыздын бирине кайрадан кайрылалы.

"Кыргызстанга азыр деле 10го жакын адам кетебиз деп жатышат. Билет алышты. Алар 2-3 күндө кетишет. Алар тарыхчабызды булгабай эле кете берели деп атышат. Мен болсо калам. Балдарымды багыш үчүн бул жакта эмне болсо да калып, иштегенге аргасызмын".

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG