Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

Москва университетинин Оштогу филиалынын курулушу башталат


Москва мамлекеттик университетинин Оштогу филиалынын долбоору.
Москва мамлекеттик университетинин Оштогу филиалынын долбоору.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону кабыл алып, эки өлкөнүн билим берүү жаатындагы өз ара кызматташуу мамилелерин талкуулашты.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда тараптар Ош шаарында ачыла турган Москва мамлекеттик университетинин филиалынын иштөө шарттары, окуу жайдын имараты тууралуу жагдайларды сүйлөштү.

Министр Ломоносов атындагы университеттин курулушу баштала турган филиалынын архитектуралык долбоору менен тааныштырып, имараттын курулушу бир айдын ичинде башталарын айтты. Каныбек Исаков окуу жайда колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктери боюнча студенттерди окутуу максаттуу экенин белгиледи. Мындан сырткары Москва мамлекеттик университетинин аяктаган окутуучулар менен илимий даражалуу адистердин реестри түзүлгөнүн кошумчалады.

Өз кезегинде Николай Удовиченко кыргызстандык студенттер үчүн Орусия университеттеринде берилип жаткан квотаны көбөйтүү керектигин айтып, студенттерди натыйжасы эффективдүү болгон факультеттерге багыттоого басым жасоону сунуштады.

Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу быйыл жазында, Бишкекте өткөн Орусиянын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунда макулдашылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG