Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

«Forbes» Орусиядагы экинчи миллиардер аялды тизмеге кошту


Елена Батурина күйөөсү Юрий Лужков менен.
Елена Батурина күйөөсү Юрий Лужков менен.

«Forbes» журналы жыл сайын жарыялаган Орусиядагы бай аялдар рейтингинде дагы бир миллиардер аял пайда болду. Байлыгы 1,2 милилард доллар деп эсептелген Москва шаарынын мурдагы мэри Юрий Лужковдун жубайы Елена Батуринага «Wildberries» интернет-дүкөнүнүн кожойкеси Татьяна Бакальчук кошулду. Анын активдери бир миллиард доллар деп бааланды.

Батурина «Forbes» журналынын тизмесине биринчи жолу 2004-жылы илинген. Ортодо 2009-жылы гана кошулбай калганы болбосо, ошондон бери бул журналдын тизмесинен түшпөй келатат. 2010-жылы күйөөсү Москва шаарынын мэринин кызматынан бошогондо Батурина кыздарын алып чет өлкөгө чыгып кеткен.

«Wildberries» компаниясы 2004-жылы түзүлгөн жана башында кыз-келиндердин кийимин каталог менен сатып жүргөн. Ушул тушта аталган компания Рунеттеги эң кымбат деген төртүнчү компания болуп эсептелет.

Орусиядагы эң бай деген, 200 адамдан турган быйылкы тизмеде болгону үч гана аял бар. Былтыр бул өлкө Дүйнөлүк банктын гендердик теңсиздик боюнча рейтингинде 190 өлкөнүн ичинде 71-орунду ээлеген.

XS
SM
MD
LG