Линктер

шаршемби, 13-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:13

ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан үч тепкичке көтөрүлдү


ФИФАнын рейтинги.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) кезектеги рейтингинде үч тепкичке көтөрүлдү. Уюмдун расмий сайтында бүгүн, 24-октябрда жарыяланган маалыматка таянсак, Кыргызстан 94-орунда жайгашты.

Буга чейин сентябрь айындагы рейтингде Кыргызстан 97-орунду ээлеген.

Кыргызстандын командасынын рейтингде ээлеген ордунун жогорулашына 2022-жылдагы дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу оюндарынын алкагында эки беттеште жеңишке жеткени себеп болду. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 10-октябрда Бишкекте Мьянманын курама командасын 7:0, 15-октябрда Улан-Батордо Монголиянын курама командасын 2:1 эсебинде жеңген.

Рейтингде көч башында Белгия, Франция жана Бразилия турат.

Дүйнө чемпионатынын тандап алуу турундагы Кыргызстандын атаандаштары болгон Жапония 28-орунду (+3) ээлесе, Тажикстан 116 (-1), Мьянма 147 (-2) жана Монголия 186-катардан (-3) орун алды.

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG