Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу жемкорлук боюнча айыпталып жаткан мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков убактылуу кармоочу жайдын камерасынан чыгуудан жана сот отурумуна катышуудан баш тартты. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.
Жоошев мамлекеттик айыптоонун далилдери жетишсиз болгондуктан буга чейин мыйзам бузганы үчүн сыртынан соттолуп, издөө жарыяланган адамдардын көрсөтмөсүн кошууга аракет кылып жатканын айтты.
2018-жылы кыш чилдеде, ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Буга байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган жоон топ аткаминелер камалган. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып коюлган.
Иш Свердлов райондук сотунда каралууда.