Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Казакстанда каттоодон өтпөгөндөрдүн мобилдик байланышы өчүрүлүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казак бийлиги жана мобилдик операторлор телефондорун каттоодон өткөрбөй, аларды жеке идентификациялык номурларына байланыштырбаган абоненттердин мобилдик байланыштары өчүрүлүп жатканын маалымдады.

Өкмөт жана мобилдик операторлор казакстандыктарга мобилдик телефондордун IMEI-коддорун каттатуу тууралуу бир нече жолу эскертүү берип, мөөнөтү 1-январда эле аягына чыкканы маалымдады.

Жергиликтүү маалымат агенттиктери кабарлагандай, учурда Нур-Султанда ондогон абоненттер каттоодон өтүү үчүн кезекте турат.

Быйыл жаңы телефон алган абоненттер аппараттарынын IMEI-коддорун каттата элек болсо, мобилдик операторлорго жеке кайрылып, же SMS- билдирүү жөнөтүшү керек. Жарандык жеке идентификациялык номер менен байланыштырылган аппарат абоненттин атына берилген SIM-карталар менен гана иштейт.

Кошумча каттоо жана калктын маалыматтарын бир базага топтоо зарылдыгын казак бийлиги телефон уурдоо учурлары көп кездешип жатканы менен түшүндүрүүдө. Айрым активисттер болсо, бул ыкма жарандарды аңдууга жана тыңшоого мүмкүнчүлүк түзөт деп тынчсызданышууда.

XS
SM
MD
LG