Чүйдө бир жумадан бери өспүрүм кыздын дайыны табылбай жатат. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылынын 17 жаштагы тургуну 17-октябрда эртең мененки саат 07:30да үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат.
Буга чейин да Бишкекте өспүрүм кыздар дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат тарап, бир нече күндөн кийин аман-эсен табылган учурлар болгон. (RK)