Кыргызстанда өрт былтыркыга караганда быйыл азыраак катталууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, былтыр тогуз айда өлкө аймагында 3796 өрт катталган болсо, быйыл ушул эле убакыт аралыгында 2990 болду. Бул былтыркыдан 21% азыраак.
Быйыл тогуз айда өрттөн каза тапкандар 34 адам болду, былтыр бул сан 45ке жеткен.
Адистердин айтымында, өрттүн чыгышына биринчи кезекте этиятсыздык, андан кийин электр жабдыктарын эрежеге ылайык колдонбогондук, мештерди туура эмес салуу себеп болуп жатат.
Тилсиз жоо каптаган учурлар көбүнчө Чүй облусунда катталат. (RK)