АКШнын Юстиция министрлиги Федералдык иликтөө бюросу – ФИБдин 2016-жылы Дональд Трамптын шайлоо штабынын Орусия менен байланыштарын эмне себептен текшере баштаганы боюнча тергөө жүргүзөт. Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары, анын ичинде «Reuters» агенттиги жазып чыкты.
Кабарларга караганда, кылмыш иши административдик иликтөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтардын негизинде козголду.
2016-жылкы окуялардын чоо-жайын иликтөөнү Трамп бир нече жолу талап кылган. Президент анын шайлоо штабынын Москва менен болжолдонгон байланыштарын президенттик шайлоого чейин тымызын текшерүү «атайын кызматтардын кутуму болгон» деп эсептейт.
Орусиянын 2016-жылкы шайлоого кийлигишүүсүн иликтеген атайын прокурор Роберт Мюллер Трамптын штабы «Москва менен байланышып турган» дегендин жетиштүү далилдерин тапкан эмес. Ошондон кийин Юстиция министрлиги президенттин өзүнүн жана штаб кызматкерлеринин укуктары бузулганбы же жокпу деп текшере баштаган.