Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Кытайдын Лондондогу элчилиги британ полициясын ыкчам иштөөгө чакырды


Болгариядан келген жүк ташуучу машине токтоп турган жер, 23-октябрь, 2019-жыл.
Болгариядан келген жүк ташуучу машине токтоп турган жер, 23-октябрь, 2019-жыл.

24-октябрда Кытайдын Лондондогу элчилиги жергиликтүү полицияны кытайлык жарандарга байланышкан окуянын чоо-жайын тезинен тактоого чакырды. Анын алдында британ полициясы Эссекс аймагында жүк ташуучу унаанын ичинен табылган 39 сөөктүн тек жайы аныкталганын, алар кытайлыктар экенин билдирген. Өлгөндөрдүн арасында бир өспүрүм бар экени белгилүү болду.

Кытай элчилиги Британия алар чындап эле кытай жарандары болгонун бышыктай элек деп кошумчалады.

Машинедеги сөөктөр 23-октябрда Лондондон 30 километр алыс жердеги өнөр жай аймагында токтоп турган оор машиненин ичинен табылган. Оор жүк ташыган машине өткөн ишембиде Британияга Болгариядан келген. Кылмышка шектүү катары автоунаанын айдоочусу, 25 жаштагы ирландиялык жаран камакка алынды.

Көп жылдардан бери мыйзамсыз мигранттар Европанын башка өлкөлөрүнөн Британияга карай агылып, жүк ташыган фуралардын ичине жашынып жетүүгө аракет кылышат. 2000-жылы Довер портунда помидор ташыган оор машиненин ичинен 58 кытайлыктын сөөгү табылган.

XS
SM
MD
LG