Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:17

Абактагы уйгур активистке Сахаров сыйлыгы ыйгарылды


Кытайлык уйгур активист Илхам Тохти, 4-февраль, 2013-жыл.
Кытайлык уйгур активист Илхам Тохти, 4-февраль, 2013-жыл.

Европа парламенти 24-октябрда Сахаров атындагы сыйлыкты Кытайдагы уйгур активисти Илхам Тохтиге ыйгарды.

Парламент спикери Давид Сассоли лауреаттын атын жарыялап жатып, Бээжинди укук коргоочуну «чукул арада» эркиндикке чыгарууга үндөдү. Университеттин профессору Тохти 2014-жылы жикчилдикке айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин кесилген.

Эл аралык уюмдардын маалыматтында 1 миллиондой уйгур жана башка аз улуттардын өкүлдөрү Шинжаңдагы түзөтүү лагерлеринде отурушат. Бээжин ал жайларды кесипке үйрөтүү борборлору деп атайт.

Европарламенттин жылына берилчү бул сыйлыгы советтик физик Андрей Сахаровдун урматына аталган.

Быйыл Тохти менен катар сыйлыкка дагы бир катар укук коргоочулар көргөзүлгөн. Буга чейин Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы (ПАСЕ) Тохтиге Вацлав Гавел атындагы сыйлыкты да ыйгарган.

Бээжин уйгур активистке эл аралык сыйлыктардын берилишин айыптап келет. Былтыр Сахаров сыйлыгы ошол кезде Орусияда абакта отурган украиналык режиссер Олег Сенцовго ыйгарылган. Ал жакында эле Москва менен Киевдин туткундарды алмашуу жараянынын алкагында Украинага кайтып барды.

XS
SM
MD
LG