Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Пентагон: АКШ Сириянын түндүк-чыгышындагы аскердик күчтөрүн бекемдейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ кайра жандана баштаган “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкерлерине мунай кендерин ээлеп алууга мүмкүнчүлүк бербеш үчүн Сириянын түндүк-чыгышында аскердик күчтөрүн бекемдейт.

Бул тууралуу чечим Пентагондо кабыл алынды.

Андан мурдараак АКШ президенти Дональд Трамп түрк аскерлери үчүн күрд күчтөрү көзөмөлдөбөгөн “коопсуз зона”түзүп берүү максатында Сириянын Түркия менен чектешкен тилкесинен америкалык аскерлерди чыгаруу тууралуу жарыялаган.

Мурда түрк-сириялык чек арага жакын жердеги АКШ жана күрд күчтөрү көзөмөлдөгөн районду эми түркиялык жана сириялык аскерлер кайтарышы керек болгон.

Трамптын чечими демократтар арасында да, республикачыларда да сынга кабылып, күрддөрдүн "Сириянын демократиялык күчтөрү" тобунун колунда камакта отурган 10 миңдей адам качып чыгуусу ыктымал деген кооптонуу айтылган.

Түркия күрд күчтөрүн террорчулар деп атайт, ал эми АКШ аларды “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөшкө чоң жардам берген өнөктөштөр деп эсептейт.

Анкара чек арага жакын жердеги сириялык күрддөрдү бутага алган «Тынчтыктын булагы» аттуу аскердик операциясын 9-октябрда баштаган, кийин сүйлөшүүлөрдөн кийин түрк аскерлеринин жортуулу 150 саатка токтотулары белгиленген. (RK)

XS
SM
MD
LG