Баткендин Кадамжай районунда Советтик Кыргызстандын алгачкы жетекчилеринин бири, сталиндик репрессияга туш болуп атылып кеткен Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракеси белгиленүүдө.
Бул иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков катышып жатканын өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мааракеде сүйлөгөн сөзүндө президент Абдыкадыр Орозбековдун кыргыз мамлекетин түптөөдөгү өзгөчө эмгегин белгилеп, анын өмүр жолу үлгү болушу керектигин билдирген.
- Бүгүн Кыргызстаныбыздын ар бир жараны, мамлекеттик кызматкерлери, жаш-карысына, улутуна карабай Абдыкадыр Орозбековдун мамлекетке кылган кызматын - өзүбүзгө үлгү катары кабыл алышыбыз керек. Анын жолун улап, ар кимибиз өлкө үчүн салым кошсок, келечекте өнүккөн мамлекетти курабыз, - деди Жээнбеков.
Абдыкадыр Орозбеков 1889-жылы Маргалаң уездинин (азыркы Кадамжай району) Охна кыштагында туулган. 1916-жылы Ферганадагы көтөрүлүшкө катышкан. 1918-жылы Кызыл Армиянын катарына кирип, Коммунисттик партияга мүчө болгон.
Ал Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитетине төрага, кийин Кыргыз автономиялуу облусунун Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болгон. 1936-жылы Кыргыз АССРи союздук республика болуп кайрадан түзүлгөндө Кыргыз ССРинин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. Жалган жалаа менен "эл душманы" деп айыпталып, 1937-жылы камалып, атылып кеткен. (BKA)