Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Күч кызматкерлеринин арасында мелдеш өттү


Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков.
Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков.

Кыргызстандын күч органдарынын кызматкерлеринин ортосунда мелдеш өттү. Анын ичинде тапанчадан ок атуу боюнча сынак болуп, анда ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков биринчи орунду алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, мелдеште Өмүрзаков 87 упай топтогон.

Экинчиликти Коргоо министрлигинин өкүлү, үчүнчү орунду Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасынын орун басары алды.

Мелдештен соң Өмүрзаковго атайын кубок тапшырылды.

XS
SM
MD
LG