Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:41

ИМ тобунун башчысы Багдади өлтүрүлгөнү боюнча кабар тарады


Абу Бакр ал-Багдади
Абу Бакр ал-Багдади

“Ислам мамлекети” террордук тобунун лидери Абу Бакр ал-Багдади АКШ жүргүзгөн аскердик операция маалында өлтүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу америкалык бир нече маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Reuters" агенттигинин жазышынча, жекшембиге караган түнү ишке ашкан операция Сириянын Идлиб провинциясында болгон. Бул аймакты ар кандай жихадчыл топтор, куралдуу оппозиция көзөмөлдөйт. Бирок бул аймакта “Ислам мамлекети” тобунун мүчөлөрү жашырынып жүргөнү айтылып келген.

АКШнын аскерлери Түркиянын чек арасына жакын жайгашкан Бариш деген айылга чабуул койгону кабарланды.

Багдадинин өлтүрүлгөнү жөнүндө АКШ Коргоо министрлигиндеги булакка шилтеме берип "Newsweek" басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, бул операцияны ишке ашырууга АКШ президенти Дональд Трамп буйрук берген.

Чабуул башталганда Багдади жана анын эки аялы өздөрүн жардырып жиберишкен. Андан соң террорчу жашынган үйгө абадан сокку урулган.

Идлибге чабуул жасалганын Адам укугу боюнча Сирия борбору ырастады. Маалыматка караганда чабуулдан “Ислам мамлекети” террордук тобуна тиешеси бар тогуз адам мерт болгон.

Дал ушундай маалыматтар айтылып жаткан чакта бүгүн АКШ президенти Дональд Трамп маанилүү билдирүү жасары күтүлүүдө. Буга чейин Трамп "Твиттердеги" баракчасына “Азыр эле чоң окуя болду” деп жазган эле.

Багдади өлтүрүлгөнү боюнча буга чейин бир нече жолу кабарланган, бирок ырасталган эмес.

“Ислам мамлекети” тобу Ирак менен Сирияда 2014-жылы басып алган аймактардан сүрүлгөн соң Абу Бакр ал-Багдадинин кайда экени белгисиз болчу.

XS
SM
MD
LG