Кыргызстанда алименттин эң төмөн суммасын 1800 сом кылуу сунушталып жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинен биринчи окуудан өттү. Ушул жумада документ дагы эки комитетте каралат.
Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзамдын авторлорунун бири Айсулуу Мамашева кабарлады.
-Бүгүнкү күндө 200-300 сом алимент төлөгөндөр бар. Бул өтө чоң маселе. Ошондуктан биз алименттин эң аз өлчөмүн бир бала үчүн 1800 сом кылып жатабыз. Алимент мындан төмөн болбошу керек. Себеби колунда барлар деле алиментти төлөдү аты кылып эле 2000 сом айлык аларын жаздырып алышат да 200-300 сом алимент төлөшөт.
Быйыл июль айында алименттен качкандардын маалыматтык базасын түзүү боюнча мыйзам да кабыл алынган. Документ алимент төлөө маселелерин жөнгө салуу менен эне жана бала институтун коргоого багытталган.
Ага ылайык, алименттен качып, издөөдө жүргөндөрдүн сүрөтү жана карызы тууралуу маалыматтар доогердин арызынын негизинде тиешелүү мекеменин расмий баракчасында жайгаштырылат. Маалымат алимент төлөнүп берилгенден кийин гана алып салынат. (BTo)